Menu

Дүйшөн Чотонов: “Текебаевге толук кандуу шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бергиле, керек болсо, ордуна түрмөдө олтуруп берүүгө мен даярмын”

Бөлүшүү:

Учурунда Жогорку Кенештин депутаты катары Үзөнгу-Кууштун Кытайга оп тартылып кетишине тикеден-тике каршы турган, Аксы окуясын иликтөөгө көп убакыт коротуп, атайын китеп чыгарткан, кыргыздын мыкты патриот уулдарынын бири -Дүйшөн Чотоновду баш “ата-мекенчи” Ө.Текебаевге кошо “коррупция” беренеси боюнча соттоп жатышат. Апрель революииясына жакындан салым кошкон бул инсан мындай тагдырга тушукпаш керек эле: аны билгендер Дүкөнүн мындай арамдыкка барбастыгын мыкты билишет. Болгону, Д.Чотонов эркиндикте жүрсө, анын мыкты уюштуруучулук сапаты бар экенинен чочулашып, шашылыш камай салышкан. Кечээ сот процессинде Д.Чотонов “чындык баары бир калкып чыгаарын” эскертти, ошону менен судьяга “неординарный” сунуш менен кайрылды. Ал Текебаевдин президенттик шайлоого  катышуу мүмкүнчүлүгү чектелип жатканына кейип, “ага толук кандуу шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк бергиле, керек болсо, анын ордуна түрмөдө олтуруп берүүгө мен даярмын”,- дебеспи. Мындай баатыр мүнөз жигиттер кыргызда аз. Ошонун бири минтип элдин керегине жарап кызмат кылгандын ордуна күлкү келерлик айып тагылып, камакта күн кечирүүдө.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: