Menu

Ыйык куранда эскерилген төөнүн уникалдуулугу эмнеде экенин билесизби?

Бөлүшүү:

Төөнүн организминин уникалдуулугу жаныбарлар дүйнөсүндөгү бир да жандыкка тең келбейт. Төөлөр – ача туяктуулар түркүмүнө кирген жандыктар. Алар чөлдүү, кургак талааларда жашоого ылайыкташкан. Биздин заманга чейинки 2500 жыл мурда айры өркөчтүү төө адам тарабынан колго үйрөтүлгөнү маалымдалат. Учурда жапайы төөлөр Борбордук Азиянын, Индиянын, Монголиянын, Кытайдын кээ бир аймактарын мекендешет.

Төөнүн түрлөрү

Төөлөр айры өркөчтүү жана жалгыз өркөчтүү деп экиге бөлүнөт. Ал эми бул экөөнүн аргындашуусунан келип чыккан төөнү нар деп коёт. Көчмөн кыргыздардын жүк ташуучу «поезди» болгон төөнү элибиз жашына жараша атаган. Алсак, төөнүн жаңы туулган баласын бото десе, бир жаштан беш жашка чейинкисин – сүт тайлак, тай тайлак, кунан тайлак, бышты тайлак, асый тайлак деп атаган. Андан кийинки чоңдорун ургаачысын инген, эркегин буура, ал эми бычылганын атан, төө күлүгүн желмаян дешет.

Төө – жараткандын даанышмандыгынын, кудуреттүүлүгүнүн ачык-айкын далили:

Төмөндө биз алардын айрымдарын тизмектейбиз:

1. Төө- мээ кайнаткан ысыкка чыдаган жаныбар. Төөнүн териси аны ысыктан сактап, ошондой эле, денесиндеги нымдуулугун тез жоготуп жиберүүдөн алдын алып турат. Төө жүнүнүн жарыкты чагылдыруу өзгөчөлүгү бар. Бул жүн дүйнө жүзүндө жогору бааланат: андан кездемелерди, боек үчүн щеткаларды жасашат. Ал эми төөнүн жүнүнөн жасалган бедуин килемдери дүйнөдө чоң популярдуулукка ээ.

2. Төөнүн көзү да уникалдуу. Анын көрүүсү абдан курч болот. Ал бүтүндөй километр аралыктан кандайдыр бир нерсенин кыймылын көрө алат. Төөнүн көздөрү адамдыкындай эле ар кайсы тарапка кыймылдоого жөндөмдүү. Шамал менен кумдан көздөрүн узун кирпиктер сактап турат. Төөнүн көзүнүн ичиндеги жука пленкасы кумдуу бороондо көзүнө кум кирип кетпешин алдын алып, ошол эле убакта керектүү өлчөмдө жарыктын кирип турушун камсыз кылат. Ошентип, төө кумдуу бороондо да жолунан адашпайт.

3. Төөнүн мурду да бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Кумдуу бороондо ал мурдунун таноолорун жыйрып алат. Мындайда анын мурдуна кум кирип кетпейт, бирок, таң калычтуусу, ага өзүнө жете турган аба кирип турат.

4. Төөнүн ооз көңдөйү да уникалдуу жаратылган. Анын ооз көңдөйүндөгү былжыр чели ооруганды сезюейт. Бул өзгөчөлүк төөгө башка жаныбарлар жей албаган тикенектүү өсүмдүктөрдү жегенге жардам берет.

5. Чөлдүн шарттарына көнүүнүн ыкмаларынын бири бул – дене температурасын башкара билүү. Төө өзүнүн дене температурасын өзгөртүп турат. Түн ичинде, бир аз салкыныраак болуп калганда ал +34 градуска чейин түшсө, күндүз өтө ысык убакта +40….+41 градуска чейин көтөрүлөт. Бул өзгөчөлүк аптаптуу ысыкта төөнүн ысып кетишинен сактайт. Ал эми адамдын дене температурасы, ал ооруп калганда эле өзгөрбөсө, такыр өзгөрбөйт. Ошондуктан, абанын температурасы көтөрүлүп баштары менен ал дароо ысып, кыйналып чыгат.

6. Төөнүн таң каларлык касиеттеринин бири – көп убакытка чейин суусуз жүрө алгандыгы. Көптөрү төө өзүнүн өркөчүндө суу запастарын кармайт деп ойлошот. Бирок төөнүн өркөчү сууга эмес, майларга толгон. Мунун аркасында төө оор жумуш аткарып, бирок айлап тамак жебей жүрө алат. Ал эми төөнүн узак убакытка суусуз жүрө алгандыгынын сыры – анын эритроциттеринин түзүлүшүндө. Ал сүйрү түзүлүштө болуп, денеси суусуз калганда алар агуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуп калышат. Ал эми адамдардын эритроциттери мындай учурда бири-бири менен кагылышып кетишет. Төө – сүйрү түзүлүштөг үэритроциттерге ээ болгон жалгыз сүт эмүүчү.

7. Төө сууну 60 километр аралыктан сезе алат. Анын мындай сезимталдыгы чөлдө жашап кетүүсүнө чоң мүмкүндүк берет. Көчмөндөр төөнүн бул дараметин өзүлөрүнүн пайдаларына колдонушат, Алар күчтүү жана ден соолугу чың төөнү тандап алышып, аны жабык имаратта тамак-аш жана суусуз 50-60 күнгө чейин калтырып коюшат. Андан соң аны эркиндикке кое беришет. Төө эркиндикке чыкканда сууну сезмейинче айланып жүрө берет. Ал эми төөнүн ээлери анын артынан аңдышат. Эгерде төө отуруп калган болсо, көчмөндөр, демек, бул жерде суу бар экен деп, кудук каза башташкан.

8. Төө адам баласынын колдонуусуна ушунчалык ыңгайлуу жаратылган. Ага минүү үчүн эч кандай тепкичтин кереги жок. Төөнүн буту 3 бөлүктөн турат, ар бир бутунда 2ден тизе кылып жаратылган, ал олтурууга жөндөмдүү болуп эсептелинет.

9. Төө ушунчалык тил алчаак жаныбар. Аны кичинекей бала да башкара алат.

10. Эти – күчтүүлүгү боюнча кой менен жылкыдан кийинки орунда туруп, уйдуку сыяктуу синимдүү болот. Майы кадимки койдун майына окшош. Аны элдик медицинада дары катары суук тийгенде колдонуп келишет.

Сүтү – уйдукуна салыштырмалуу 5-6 пайызга коюу жана таттуу болот. Төөнүн сүтүнүн курамында белок, май, фосфордун тузу, кальций жана С витамини көп болгондуктан дарылык пайдасы чоң. Сүтүнөн кымыз да жасалат. Аны казактар шубат деп аташат.

Жүнү – жылуулугу боюнча бир дагы жаныбардын жүнү төөнүкүнө жетпейт. Андан космонавттарга, суучулдарга жана Түндүк уюлда иштеген адамдарга кийимдерди даярдашат. Ошондой эле ревматизм менен ооругандарга пайдалуу деп эсептелет.

Терисинен кур, камчы, бут кийим, көөкөр жана башка буюмдар жасалат. Тезеги – отун катары пайдаланылат.

11. Дагы бир кызыктуу факт, араб тилинде төө менен сулуулук деген сөздүн тамыры бир болуп саналат.

12. Илгери кыргыздарда төө тууганда кадимкидей сүйүнчүлөө, ботонун кулагына сөйкө салуу салты болгон.

13. Төө ботосун 13-14 ай көтөргөндүктөн, эл ичинде кош бойлуу аял анын этин жесе алдагы ошончо убакыт боюна көтөрүп калат деген кеп бар.

Сайкал Илиасова

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: