Кечээ, 7-августта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча сот отуруму уланды.
Эскерте кетсек, Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан былтыр августта “Кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылгандыгы жана ишенимин жоготкондугу үчүн” кызматтан алынган. Курсан Асановго карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жолугушууда жабырлануучу экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, айыпталуучулар Курсан Асанов жана журналист Турсунбек Бейшенбеков аны “тажик атайын кызматтарынын бизге киргизилген шпиону” деп өзгөчө оор кылмышка айыпташкан. Ошентип, анын сөзү боюнча, алар анын конституциялык укугун тебелешип, ар-намысына доо кетиришкен.
“Мен Курсан Асанов менен ар дайым жакшы мамиледе болчумун. Мен анын тымызын мындай айыптоолорду таратканын билген эмесмин. Муну тергөө органдары аныктап чыкты. Айыпталгандар мыйзам чегинде толук жана катаал жазага тартылышын суранам”, – деди Разаков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ