Бүгүн, 5-июнда абактагы экс-генпрокурор Аида Салянованы бөгөт чарасын кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна саат 16.00.дөн өтүп алып келишти.
Аида Салянова 3-июнда милиция тарабынан кармалып, 2013-жылы апрелде түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2 суткага Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу абагына камалган. Бүгүн, 5-июнда сотто анын мындан аркы бөгөт чарасы каралат.
Аида Салянова 2013-жылы Кыргызстандын генпрокурору болуп иштеп турган. Ал жылы Азиз Батукаевдин чыгышына көз жумган ошол кездеги Генпрокурордун орун басары Людмила Усманова менен Нарын шаарынын атайын прокурору Майрамбек Акматалиевдер милиция тарабынан кармалып, алар суракта Батукаевди бошотууга жолтоо болбоо боюнча буйрукту генпрокурор Аида Салянова берген деп көрсөтмө беришкен.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео Аида Джумашова
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ