Menu

КР ИИМ: Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган А. Батукаевды мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишине сотко чейинки өндүрүштү уюштурууну тапшырган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагнозун коюп, диагнозду тактоодо фактыларды жасалмалаган.
2013-жылдын 23-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган “курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)” диагносун жокко чыгарып, диагносту тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз илимий гематология борборунун Р.А., М.Э., жана Ц.И. аттуу мурдагы кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары жарыяланышкан. Акыркы экөөнө карата сот тарабынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын медициналык жумушчулары А.А. менен Ф.А. аттуулар кармалышып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми Б.К. жана А.А. аттууга карата сот тарабынан сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы, А.Ф. аттууга карата эки айга камакка алуу чарасы тандалган.
Андан сырткары, А. Батукаевды мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалган. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийинчерээк сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. үй камагына чыгаруу чечими менен бошотулган.
Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө.
Кылмыш ишинин алкагында мурдагы ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев дагы сурак берген.
2019-жылдын 21-май күнү, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын экс вице-премьер-министри Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ш. Атаханов кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында органдарда жана жаза аткаруу тутумунун мекемесинде мыйзамдарды аткаруу үчүн экс атайын прокурору М.А. кармалып, ага карата сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
2019-жылдын 3-июнь күнү иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова суракка алынып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Соттук өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: