12-октябрда ММК өкүлдөрү ортосунда белгилүү журналист, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча ынтымак турнири өтөт.
Султан бир гана мыкты журналист эмес, мыкты аналитик, мыкты жазуучу жана мыкты футболист эле. Өмүрүнүн аягына чейин топ тепкенин токтотподу.
Ынтымак мелдешине журналисттерден турган командалар катышмакчы. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппараты менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аппаратынын командалары күч сынашат. Мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөтүүдө.
Турнир Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1«Б») саат 08:30дө башталмакчы.
Султан Жумагулов өз мезгилинде “Ленинчил жаш”, “Эркин-Тоо”, “Асаба” гезиттеринде, ВВС, “Азаттык” эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Мыкты-мыкты чакан аңгемелердин автору.
Өмүрүнүн акыркы жылы маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, 2018-жылдын 8-октябрында узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ