Учурда өлкөбүздүн билим берүүсүнүн “флагманы” аталган Ж.Баласагын атындагы КМУдагы ректор менен кызматтан кетирилген окутуучу-профессорлордун ортосундагы чыр-чатак кульминациялык деңгээлине жетип, жарылуу алдында турат.
Анткени быйыл жаз алды менен жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгында “экзаменден” кулап калган жүздөгөн окутуучулардын арыз-даттануусу парламентте каралып, Башкы прокуратура менен Финансы полициясы текшерүүдө. Себеби бул окуу жайдын ректору Ч.Адамкулова тарабынан түзүлгөн 41 аттестациялоочу комиссия мүчөлөрү “окутуучуларды илимий даражасына эмес, жердигине, 2014-жылы болгон ректор шайлоодо кимге иштегендигине карап тандаган”,- деген күнөө коюлууда. Мындан тышкары ректор баш болгон окуу жай жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, каржылык мыйзам бузуулар үчүн шектелүүдө. Эгер ушул күнөөлөрү далилденсе, анда кезектеги (!) ректорго кылмыш иши козголот. Баса, былтыр ушул эле окуу жайдын проректору Н.Асанбеков текшерүүчүлөргө 100 миң сом пара сунуштагандыгы үчүн кармалган болчу. Бул арада социалдык тармактарга Ч.Адамкулова 21 күндө кызматтык телефону менен 515 миң сом сүйлөшкөндүгү жарыяланып кетти.
Булак: “Майдан.kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ