Президенттин жеке көзөмөлү менен быйыл өлкөнүн бир топ айылдарында таза суу менен камсыз кылуу иш аракети кызуу жүрүүдө. 2020-2023-жылдары Кыргызстандын Нарын, Талас, Баткен облустарына караштуу 133 айыл-аймагы таза суу менен камсыз болот. Долбоордун жалпы суммасы 90 млн.$ түзөт. Бул тууралуу Ноокат районундагы суу менен камсыз кылуу тутумунун ачылышында өкмөт башы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 10, 2020-жылга чейин таза суу менен 24 айыл-аймагы камсыз болот деп билдирди өкмөт башчы.
Эске сала кетсек, Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл округундаты суу менен камсыз кылуу тутуму 20 миңге жакын элет тургундарын таза суу менен камсыз кылат. Таза суу менен камсыз кылып жаткан айрым компанияларга жасап жаткан иштердеги катачылыктарга, сапатсыз салууларга элдик нааразычылыктар. Айрым аймактагы таза суу боюнча проектилер суу түтүктөрүн жайгаштырууда тийиштүү нормалар менен салынбай жатышы эл тарабынан айтылууда. Муну менен катар убадаланган мөөнөтүнөн кечиктирилип жана орнотулган суу түтүктөрүнөн сыноо учурунда катачылыктар кетип жаткан учурлардын кездешкени себеп катары айтылууда.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ