Menu

Пенсия 1000 сомго жогорулашы мүмкүн

Бөлүшүү:

Социалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Муканбетовдун маалымат булактарына билдиргенине караганда учурда өлкөдө 667 миң адам пенсия алса, алардын 241 миңи жашоо минимумунан аз аларын айтты.

Өткөн жылдагы инфляция жана базар наркынын көтөрүлүшүн эске алуу менен 1-октябрдан тарта пенсиялар беш пайызга көбөйөт. Буга чейин ЖМКларда “жети пайыздан 18 пайызга чейин жогорулайт” деп айтылган. Мындай көрсөткүчтөр аз пенсия алгандардын камсыздандыруу бөлүгүнө кошулган сумманы гана түшүндүрөт. Бул тууралуу Жеңишбек Муканбетов Спутник Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, 2009-2010-жылдары аз пенсия алгандар жалпы санынын 88 пайызын түзсө, учурда бул көрсөткүч 38 пайызга туштү. “Пенсия бардыгына бирдей жогорулатылган жок. 4283 сомдон аз алган карыялардын базалык бөлүгүнө 100 сом кошулду. Ушул эле категориянын камсыздандыруу бөлүгү да беш пайызга көтөрүлдү, бирок 200 сомдон кем эмес кошулуп, жалпысынан жашоо минимумунан аз алгандар эми 300 сомго көбүрөөк алышат. Мисалы, 3000 сом пенсия алган адамдын базалык бөлүгүн чыгарып салганда, камсыздандыруусу өтө аз сумманы түзүп калат. Андыктан, эң аз дегенде 200 сом кошулуп жатат. Ал эми жашоо минимумунан жогору, тактап айтканда, 4283 сомдон көп пеңсия алгандардын базалык бөлүгүнө кошулбайт, камсыздандыруу бөлүгүнө 320 сомдон тарта кошуп берилет. Бул категориядагылардын айрымдарыныкы 1000 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн, анын себеби камсыздандыруу бөлүгүндө буга чейин канча алганына байланыштуу болот. Анткени ошол сумманын беш пайызы кошулат”, — деди Муканбетов.

Ал өз пенсиясын эсептетүүнү каалагандар фонддун райондук, шаардык башкармалыктарына кайрылып же 1202 кыска номерине телефон чалса болорун кошумчалады.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: