Түркмөнстанда мектеп мугалимдери, ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматкерлер мамлекетке темир-тезек өткөрүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, билим берүү жана айыл-чарба тармагында иштеген ар бир кызматкерлер мамлекеттик металлургия заводуна 200 килограммдан темир-тезек чогултуп берүүгө милдеттүү. Облус жетекчилери мындай талаптарды аталган тармактардын сентябрь жана октябрь айлары үчүн планы катары бекитишти.
Мугалимдердин айтымдарында, бош убактыларында алар темир-тезек издеп, айрымдары окуучулардан жардам сурашат.
“Азыр биз сабактардан кийин таштандылардын арасынан темир издеп жатабыз. Үйдө темирден жасалган эч нерсе жок калды. Айрым мугалимдер окуучуларынан жок дегенде үч килограммдан алып келип берүүнү өтүнүп жатышат» — деди Йыланлы районунда иштеген мугалимдердин бири.
Ал ортодо Дашөгүз облусундагы айыл-чарба кызматкерлери темир-тезек тапшыруу планын аткаруу үчүн эски техникаларды ажыратып, темир тетиктерин ала баштагандыктары кабарланууда.
Азырынча өлкөдө жапырт түрдө темир-тезек чогултуу өнөктүгү жүрүп жатканын расмий ырастоого мүмкүн болгон жок. Түркмөн бийлиги өлкөдө жарандарды мажбурлап иштетүү тажрыйбасы бар экенин расмий мойнуна албай келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ