Menu

Россияда бажы кызматкерине 300 миң рубль пара берүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды

Бөлүшүү:

Кыргызстандык жаран Челябинск облусунун Троицкий районунун Бажы кызматынын кызматкерине 300 миң рубль өлчөмүндө пара сунуштады. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, кыргыз жараны 70 миңден ашык жасалма жана белгиси жок бут кийимди Казакстандын чек арасынан өткөрүүгө аракет кылган. Ири жүк “Бугристое” автоунаа өткөрүү пунктунун аймагында кармалган. Товарды сактап калууга аракет кылган аткезчи бажы кызматкерине 300 миң рубль пара сунуш кылган. Бажы кызматкери бул тууралуу Челябинск бажысынын коррупцияга каршы бөлүмүнө билдирди. Кыргыз жараны пара берип жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 291-беренеси “Пара берүү” боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишиндеги айыпталуучуга 1 миллиондон 3 миллион рублга чейин айып пул салынат же 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: