Кечээ, 26-октябрда Бишкектин Кожомкул атындагы Спорт сарайында Солто элинин III курултайы болуп өткөнүн коомдук ишмер Манасбек Султанов сүрөттөрү менен кошо өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында жарыялады.
“Азыр Солто элинин Курултайы өтүп жатат. Кыргыздардын жакшы салттары бар. Курултай көчмөн демократиянын принциптеринин негизинде өткөрүлөт. Курултай Кыргыз Республикасынын Конституциясында да каралган. Кыргыз улуту 40 элди бириктирет”, – деп жазат Манасбек Султанов.
Курултайдын уюштуруучулары ким экени, канча делегат катышканы, президиумунда кимдер отурганы, ким каржылаганы жана кандай маселелерди караганы тууралу маалымат берилбеген. Бирок, социалдык тармактардын колдонуучуларынын көпчүлүгү бул иш чарага терс көз караштарын билдирип, бөлүнүүчүлүк катары сындап чыгышты. Колдогондор да жок эмес.
Сүрөттөр Манасбек Султановдуку
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ