Бүгүн 26-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өлкөдө автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угат.
Жогорудагы маселе боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов баяндама жасайт. Андан сырткары каржы министри Адылбек Касымалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Жолдошбек Жунушев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов чакырылган.
Отурумда мындан тышкары ар кандай маселелер каралмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ