Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Д.М. аттуу адам арыз менен 6-октябрда милицияга кайрылып, 7-Апрель көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясынын кызматкерин таап, ага чара көрүүнү суранган. Анын арызында, 7-сентябрда шектелип кармалган адам алдамчылык жолу менен машинанын ээсинин ишенимине кирип, «Хонда фит» үлгүсүндөгү (3 миң 600 долларлык) машинасын сырдап берем деп 19 миң сом алган. Ошол бойдон дайынын таптырбай кеткен.
Ошол адам эми табылып, кармалып, өздүгү такталган. Ал 1983-жылы туулган Ю.А. бала мас абалында машина айдап жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ