Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну боюнча мелдеш өтүп, ага жети дубандын жана Бишкек, Ош шаарынын улакчылары катышты. Финалга Чүй менен Оштун улакчылары чыгып, беттешип, 14:1 эсеби менен Чүйдүн улакчылары утуп, УОКтун көк бөрү боюнча чемпиону аталды. 2- орунду Ош, 3-орунду Талас, 4-орунду Бишкек шаары ээледи.
Көк бөрүнүн жалпы байге фондусу — 800 миң сомду түзүп, ал төмөндөгүдөй бөлүнгөн:
1-орунга — 300 миң сом;
2-орунга — 200 миң сом;
3-орунга — 100 миң сом;
4-орунга — 50 миң сом;
5-9-орундарга – 30 миң сом.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ