Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын сындаган күчтүү оппозициялык биримдик качан жаралат?

Бөлүшүү:

Курманбек Бакиев президент болгондо ага каршы күчтүү оппозициялык топ жаралган, Алмазбек Атамбаев дагы жаңыдан президенттик ишин баштаганда күчтүү оппозиция бар болчу. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековго каршы дээрлик оппозиция жок. Мунун негизги себеби эмнеде? Ушул суроо коомдо актуалдуу болуп жаткандай…

Адил Турдукулов, активист: “Азыр реалдуу саясый күчтөр парламенттик шайлоону күтүп жатышат”

– Биздин эгемен Кыргызстандын тарыхына көз чаптырсак, Акаев, Бакиев, Атамбаев президент болгон учурдун баштапкы биринчи 3 жыл күч жыйнап, керек болсо башка бийлик бутактарын да каптап келген. Анткени, элдин үмүтү да бийик, бийликке илинбей калган күчтөрдүн да соодалашуу ниеттери болот. Азыр да ошондой. Ага да кошумча, азыр баардык реалдуу саясый күчтөр парламенттик шайлоону күтүп жатышат. Бул болсо сөзсүз түрдө, мурун бийликчил көрүнгөн саясатчылар дагы элге жаккан, бирок бийликке жакпаган, оппозициялык көз караштар, үндөр да көбүрөөк чыга баштайт. Парламентке өтпөй калган күчтөр болсо Текебаев, Мадумаров, Садыр Жапаров, Мырзакматов, Атамбаевге окшогондор сөзсүз түрдө оппозициялык талааны ээлей баштайт. Анткени, эл эки жылдан ашык жаңы келген бийликтен алгылыктуу иштерди, идеяларды күтүп жаткан. Бирок андай болбогондуктан өкмөткө жана алардын демилгелерине карата нааразычылыктар өсүп жатат. Жергиликтүү бийликтин өз күчүнө таянып, өз саясатын жүргүзгөнгө кудурети жетпегени өкүнүчтүү. Бул дагы реформаларга байланыштуу. Эгерде радикалдуу реформалар болбосо элдин радикалдык маанайы күчөй берет. Анда күчтүү оппозиция да пайда болот.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Эптеп депутат болсом деген эки жүздүүлөр көп”

– Анткени баары эле бийликтин партиясы менен Парламентке барсак деген эле саясий көз караштагы чиновниктер. Мурун А. Атамбаевди “шеф”деп чуркап, бутун тазалаганга даярлар, азыр ою башка жакта. Эмки Парламентке эптеп депутат болсом деген эки жүздүүлөр көп.

Ырысбек Өмүрбеков, журналист: “Атамбаев оппозициянын лидери деп аталып жатса, ким оппозицияга ишенет?”

– Акыркы президентке активдүү оппозиция болуп чыгабыз дегендерди карасаңар, баягы эле ишке жетпей калган жегичтер. Иштен кеткен паракорлор. Андан да Атамбаев оппозициянын лидери деп аталып жатса, ким оппозицияга ишенет? Ал эми кан кечип бийликке келип, кийин кызматтан кетип, эми Сооронбай Жээнбеков менен иштешебиз деген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракеттери тууралуу эмнени айта алабыз? Алар тууралуу Убактылуу Өкмөттүн Башпрокурору 2011-жылы: “Жазга чейин мени Башпрокурор кызматына калтырганда, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү “Коррупция”, ”Адам өлтүрүү” жана “Мародерлук” беренеси менен камакка алынышмак” – деген сөздөрүн кантип унутабыз? Сатылгандар, Сороонбай Жээнбековго жолугуп, бир иш кылабыз деп жатышса, элдин баштары айланып калууда…

Бегиш Аматов, коомдук ишмер: “Резиденцияда жылуу-жумшак олтургандар дагы Атамбаев олтурган жерден орун алышы керек”

— Азыр эл иштеп жаткан президентибиздин чоң иши болуп жаткан коррупция менен күрөштү колдоп жатат. Саясатчылар дагы коррупция менен күрөштү туура көрүп жаткандай болууда. Коррупциянын башы Атамбаевде болгонун угуп, ошол менен алек. Бүгүн Атамбаев баш болуп командасында жүргөндөрдүн бир тобу коррупция менен олтурду. Ушул ишти ачык-айкын иликтеп, аягына чыгарса, оппозиция эч нерсе деп үн ката албайт. Коррупция – бул кыргыз бийлигин жек көрсөткөн бирден-бир булак. Бизде оор маселе болуп алгачкы Конституцияны ордуна алып келүү эсептелет. Бул маселе тууралуу Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага, Атамбаевге сүйлөдүк, бирөөсү да аткарган жок. Бүгүн дагы Конституцияны баштапкы абалына алып келбесе, чоң күрөш чыгып калышы мүмкүн. Бир эле Атамбаев эмес, Акаев, Бакиев дагы Конституцияны өзгөртүп, коррупцияга жол ачышкан. Конституцияны бузганга, коррупциянын бүгүнкүдөй абалга жетишине чоң салым кошкон адамдар премьер-министр, парламент төрагалары болушуп, баары резиденцияда олтуруп келишкен. Ошол адамдар дагы, резиденцияда жылуу-жумшак олтургандар дагы Атамбаев олтурган жерден орун алышы керек. Коррупция менен күрөштө аёо деген болбойт.

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Бийликке күчтүү оппозиция жаралышы жокко эсе”

-Кыргызстанда бийликке келген ар бир президент биринчи кезекте оппозицияны жок кылганга аракет кылат. Оппозициялык көз караштагы саясатчыларды, жарандык коомду, маалымат каражаттарын коркутуу үчүн атайын кызматты, ИИМди пайдаланып, чоң процесстер жүрүп жатат. Көрүнүктүү саясатчылардын өздөрүнө, балдарына кызмат берип, сатып алуу процесси жүрүүдө. Азырынча бийликке жеткиликтүү деңгээлде каршылык көрсөтө ала турган оппозиция жок. Жакынкы убактарда жаралуу мүмкүнчүлүгү дагы аябагандай төмөн, жокко эсе деп койсок да болот.

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Жээнбеков олуттуу реформаларга барбаса, эл күтүп олтурбайт”

– Бизде революциянын лимити бүттү деп айтылып жатпайбы. Анткени, күчтүү оппозиция президентти күч менен кетирүү жолуна түшүп жатат. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков одоно ката кетире элек. Ушул дагы негизги себептердин бири болууда. Эгерде чоң ката кеткенде оппозиция чыга калмак. Күчтүү оппозиция жок болуп жатканын шарттуу эле деп эсептейм. Себеби, көпчүлүк саясатчылар ачыкка чыкпай шайлоого даярданып жатышат. Шайлоодо нааразычылыктар жаралышы мүмкүн. Эмнеге дегенде, баары эле шайлоодон өтпөйт. Азырынча бийлик тараптан олуттуу реформалар жүргөн жок. Ушул маселени алып чыгып, элдин нааразычылыгын көтөргөнгө аракет кылган күчтөр чыгышы мүмкүн. Элдин арасында нааразычылыктар бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. Оппозиция деген чөпкө окшоп жай өсүп чыкпайт. Шарты келсе бат эле чыга калат. Азыркы президент олуттуу маселелердин бирин жөнгө салды десек болот. Атамбаевдин 2 жылга жакын ызы-чуу салганын жөндөй алды. Эми Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик экономикада, сот тармагында олуттуу реформа жасаганга билек түрүнүп киришиши керек. Мындай аракеттер болбосо, эл күтүп олтурбайт. Элдин маанайына жараша оппозиция чыгат.

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Оппозициянын күчтүү же алсыз болушу да президентке байланыштуу”

– Ар бир президент өзүнчө саясат жүргүзөт. Жүргүзгөн саясатына жараша ар кандай күчтөр жаралат. Аны колдогон же колдобогон топтордун пайда болушу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Президенттин алып барган саясаты — коомдогу күзгү. Баардык президенттерге бирдей оппозиция жаралат деген туура эмес. Оппозиция дагы ар кандай шартка жараша пайда болот. Катуу чуркасаң шамал дагы катуу үйлөйт эмеспи. Ошондой эле. Оппозициянын күчтүү же алсыз болушу дагы президентке байланыштуу. Азыркы президентке күчтүү оппозициялык топ жаралбай жатканы чындык. Атамбаев деген жалгыз оппозиция бар. Башка оппозиция жок. Себеби, Жээнбеков ошондой саясат жүргүзүп жатат. Анын жакшы же жаман иштеп жатканын эл айтат.

Кайрат Осмоналиев, саясий эксперт: “Оппозициянын белин сындырган Атамбаев болгон”

– Саясий элита деп айтылып жүрбөйбү. Эски элита саясий айдыңдан кетип, жаштар келсе жаңы оппозиция пайда болот болчу. Бүгүнкү күндөгү күчтүү саясатчылар эски толкундун адамдары. Саясий айдыңда дагы ошолор эле жүрүшөт. Булар элдин ишенимин эбак түгөтүшкөн. Жаңы ишенимди алчу жаштар көрүнбөй жатат. Бизде эскилер кете элек, жаңы жүздөр чыга элек көрүнүш болууда. Мындан сырткары, көпчүлүк саясатчыларды Атамбаев учурунда компромат табышып, ооздорун жаап коюшкан. Компроматтардын согушун көрүп жатпайбызбы. Дээрлик таза саясатчы калбай калгандай. Кийинки жылы парламенттик шайлоо болот. Ошондо жаңы толкундун өкүлдөрү пайда болсо керек. Биз парламенттик республикабыз деп айтып келатышат. Факт жүзүндө президенттик өлкө болуудабыз. Күчтүү оппозиция жок. Оппозициянын белин сындырган Атамбаев болгон. Ошондуктан, азыркы кырдаал президентке аябай ыңгайлуу. Азыр парламентти таратуу боюнча көп талкуу болуп жатпайбы. Эгер парламент Өкмөткө ишеним көрсөтпөсө таратууга укугу бар. Абылгазиевге парламентке барганда, ага депутаттар ишеним көрсөтпөөгө көп негиздер бар. Парламентти таратып, 45 күндүн ичинде шайлоону өткөрүп коюу президентке көп мүмкүнчүлүктү жаратмак.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: