Бүгүн, 10-июнда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда КТРКнын байкоочу кеңеши парламентке отчет берип жатып, байкоочу кеңештин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев менен жамакчы акын, депутат Рыскелди Момбеков айтышты.
Экөөсүнүн айтышы Рыскелди Момбеков жакында кирген “Ата-Мекен – Жаңы дем” альянсынан ал жыйынды КТРК жарнама кылып, элге жарыялайбыз деп 176 миң сом акча алып, бирок “шайлоо үгүт кампаниясы баштала элек экен” деп жарнама кылбай кайтарып бергенинен чыкты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ