Коронавирус инфекциясы менен ооруган бир бейтапты дарылоо үчүн канча акча сарпталат экенин бүгүн, 16-июнда өкмөттүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева маалымат жыйында айтып берди.
Ага ылайык, илдеттин формасына жараша бир кишиге төмөндөгүдөй төлөм каралган.
Симптомсуз формасы – 3030 сом;
Оорусу жеңил даражадагы бейтаптар үчүн – 3500 сом;
Орто даражадагы бейтаптар – 10 817 сом;
Оорусу оор даражадагы бейтап – 70 427 сом;
Өтө оор даражадагы бейтап – 132 837 сом.
Мындан тышкары, контактта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн ооруканаларга да акы төлөө каралган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ