Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мэрияда кандай иштеп жатканын видеотасма аркылуу көрсөттү.
“Биз мекеменин ичинде аралыкты сактап иштеп жатабыз. Столдун үстүндө антисептикалык каражаттар бар. Азыркы учурда мэрияда ар бир кабинетте бирден эле адам иштейт. Буга чейин жетиден адам иштечү. Азыр барын үйүнө жөнөтүп, аралыктан иштеп жатабыз. Бирден адам иштесе дагы, жумуштарды аткарганга толук жетишкенге аракет кылуудабыз”, – деди Түлөбаев.
Ошондой эле, ал видеотасмадан мэриядагы ар бир кабинетте бирден адам иштеп жатканын көрсөтүп чыкты. Түлөбаев ар бир жаранды бет кап кийүүгө чакырып өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ