Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын контролдоо-өткөрүү пункттарында түзүлгөн кырдаалды жана республикада күтүлгөн сууктун түшүшүн көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташыган жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн кезекте турган автомобиль менен жүк ташуучулардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүндү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ