Чүй облусунда жарандарды үймө-үй кыдырып, бейтаптарды аныктап, аларга кеңеш бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев кол койду.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенишине карата жүргүзүлгөн талдоо Чүй облусунун стационарларына бейтаптар оор абалда түшүп жатканын көрсөткөн.
“Көптөрү үйдөн өз алдынча дарыланышып, оору күчөп кеткенде гана ооруканага кайрылышууда. Бул жагдайда дарыгерлерге абдан кыйын болууда, алар бардык күч-аракети менен ар бир өмүр үчүн күрөшүп жатышат” – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле калкка өзүн-өзү дарылоо коркунучу тууралуу, милдеттүү түрдө жергиликтүү медициналык мекемеге кайрылуусу керектиги жөнүндө маалымдоолор WhatsApp жана Telegram аркылуу берилип тураары маалым болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ