Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети Европадагы сапарында кимдер менен жолугуп, Атамбаевдин ачуусуна тийди?

Бөлүшүү:

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлдөрү баштаган кыргыз саясатчылары, журналисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпысынан 10 кишиден турган делегация 2-марттан 10-мартка чейин Европа өлкөлөрүндө иш сапары менен болуп кайтты. Бул сапар Брюсселдеги Европа демократияны колдоо корунун чакыруусу боюнча уюштурулган эле.
Алгач делегация Женевадагы эл аралык Коопсуздук секторуна демократиялык көзөмөл борборунда болуп, дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күч структурларына коомдук көзөмөл жүргүзүү маселелерин талкуулады. Күч структураларына демократиялык көзөмөл (DCAF) 2000-жылы түзүлгөн жана азыркы күндө бул фондко дүйнөнүн 65 өлкөсү мүчө болуп сналат. Кыргыз өкмөтү да бул уюмга 2009-жылы кол коюп кирген. DCAF бул багыттагы дүйнө тажрыйбасына байкоо салып, иликтеп, анализдеп, сунуш , таасир берип иш жүргүзөт.
Бизди DCAF уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия департаментинин директору Филипп Флури баштаган өкүлдөр кабыл алышты. Мырза Флури бизге Күч структураларына демократиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны кыскача баяндап берди.
Ал эми биздин делегация DCAFка мүчө Кыргызстандагы бүгүнкү абал, Коопсуздук, укук коргоо органдарынын өздөрүнүн негизги милдеттерин аткарышпай саясатташып кеткендиги тууралу айтып беришти. Мисалы УКМК , Генпрокуратура, ИИМ, сот системасы өлкөнүн коопсуздугун, коомдук тартипти, кылмыштуулукка каршы күрөштү, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуунун ордуна саясатка аралашып, саясатташып, жалаң эле президенттин саясый оппоненттерин аңдуу, тыңшоо, куугунтуктоо, жасалма кылмыш иштерин токуу жана оппозициялык көз караштагы саясатчылар менен журналисттерди жазалоо менен алек болуп жаткандыгын фактылар менен билдирдик. Кыргызстандагы күч структураларын саясаттан ажыратуу (деполитизация) дүйнөлүк тажрыйбасы менен бөлүшүүнү сурандык. Канткенде күч структуралары ички саясатка аралашпай, УКМК өзүнүн негизги функиясы – контрчалгын, ИИМ-коомдук тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөш, Генпрокуратура –мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөө, сот системасы – бийликке көз каранды эмес өкүмдөрдү чыгараган адилет соттоону ишке ашыра турган кыла алабыз деген маселелерди талкууладык. DCAF менен мындан ары тыгыз кызматташуу боюнча макулдаштык.
Андан кийин Евробиримдиктин борбору – Брюсселде Европа демократияны колдоо корунда жолугушуу болду. Бул жерде бизди кордун Борбор Азия боюнча департаментинин жетекчилери Петер Зондергард менен Кристина Вайкунайте жана башка өкүлдөр кабыл алышып, Кыргызстандагы саясый абал, оппозициянын куугунтукталышы, депутат Өмүрбек Текебаевдин мыйзамсыз камакка алынышы, Сөз эркиндигинин жана адам укуктарынын бузулуш тенденцияларын талкууладык. Акырында мындан ары кызматташуу формаларын такташтык.
Кийинки жолугушуу Европарламентте өтүп, ага депутат Лайма Андрикене баштаган өкүлдөр катышты. Алардын да биринчи эле суроосу өлкөдөгү саясый абал жана депутат Өмүрбек Текебаевдин мыйзамсыз камакка алынышы боюнча болду. Кыргыз саясатчысы Өмүрбек Текебаевди Европарламенттин өкүлдөрү аябай жакшы билишет экен жана анын саясый ишмердигине, азыркы тагдырына тыкыр көз салып турушканын айтышты. Биздин байкашыбызча Европанын саясый күчтөрү Текебаевди бийликтин мыйзамсыз аракеттеринен коргоого өз каналдары аркылуу аракет кыла тургандыгы айгинеленди.
“Жакында Европага Атамбаев сапар жасап келип кетти, ал бизде демократиялуу, бардар мамлекет курулуп жатканын айтты, силер ошого ишенесиңерби? Кимдир бирөөлөр аны “демократиянын архитектору” деп айтканын да айтып жатышат” деген сурообузга Европарламенттин депутаттары “Биз өтө эле ишенчээк эмеспиз. Чындыгында силердеги саясый ситуацияны жакшы билебиз. Ал эми силердин жетекчилердин айткандарына протоколдук, дипломатиялык эрежелерге байланыштуу гана ошондой реакция жасоого туура келет” деп билдиришти. Мындан ары да Европарламент Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин сыйлаган бардар мамлекет курулушуна кызыкдар экендигин жана бул максатта кызматташа тургандыктарын ачык айтышты.
Жыйындын акырында Европарламенттин депутаты Лайма Андрикене “Мындан 30 жыл мурун мен жаш окумуштуу катары Фрунзе шаарында өткөн Бүткүл союздук илимий конференцияга Литва республикасынан катышып, анда Кыргызстандык айыл чарбасы боюнча Бекболот деген жаш окумуштуу менен тааныштым эле, аны тааныбайсыңарбы?” деп сурап калды. Биз “эгер ал окумуштуунун фамилиясы Талгарбеков болсо анда ал азыр оппозициялык ишмердиги үчүн саясый туткун катары абакта олтурат” деп кабарладык. Депутат Андрикене “Анда мен жакында Кыргызстанга сөзсүз барам, Бекболот менен Текебаевден кабар алып келем” деп айтты.
Европарламенттин депутаты Лайма Андрикене Россиянын президенти Владимир Путин абакка олтургузган россиялык ишкер-саясатчы Михаил Ходорковскийди россиялык түрмөдөн бошотуп алууга активдүү катышкандыгы менен белгилүү депутат.
Европаламенттен кийин бизди Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлигинде кабыл алышты. Ал жерде да Кыргызстандагы адам укугунун сакталышы, демократиянын, сөз эркиндигинин чектелиши тууралу сөз кылдык.

Кийинки күндөрү биз Германияга өтүп, “Дойче велле” радиостанциясынын иши менен тааныштык жана “Дойче велле” менен Кыргызстандын кызматташуу формаларын талкууладык.
Биздин делегациянын составында Кыргызстандын Сөз эркиндигин коргоо комитетинин негиздөөчүлөрү Замира Сыдыкова, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов жана мен, Бегалы Наргозуев, экс-депутат Чолпон Жакупова жана башкалар болушту. Баардык жолугушууларда биз Кыргызстан мамлекетинин келечеги кең экенин, элинин айкөлдүгүн баса белгилеп айтып, азыркы бир ууч кландык бийликти гана сындадык.
Сапарыбыз карып баратканда Европада жүрүп, биздин Сөз эркиндигин коргоо комитетинин негиздөөчүлөрү президент Алмаз Атамбаев “Азаттык” радиосун, “Заноза” жана 24.kg маалыматтык сайттарын сотко бергенин билдик жана келерибиз менен “Азаттык” радиосун жана башка ММКларды коргоо боюнча саясый акцияларды, митингдерди уюштурууну чечтик.

Бегалы Наргозуев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: