Айбек Калиев деген “Энергохолдингдин” жетекчиси Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтерин курмак болуп, бирок курбай койгон “Русгидрого” 37 миллион доллар төлөй бериши керектигин билдирди. Бул эргул олчойгон сумманы Кыргызстан өзү төлөйт же ара жолдо калган Нарын ГЭСтерин курууга кызыкдар болуп келген инвестордун мойнуна илинет дегенди айтты. Экспеттер, Жогорку Кеңештин депутаттары Нарын ГЭСин куруу боюнча жасалган иштер 37 миллион доллар болбой турганын, сумма 4-5 эсеге ашыкча апыртылып көрсөтүлгөнүн айтышып, учурда аудит жүргүзүлүп жатат. Анан аудиттин жыйынтыгы чыга электе, Калиевдин 37 миллионду төлөп беребиз деп какшап жатканы жакшылыктын жышааны эмес. Анын үстүнө жасалбаган ишке 37 миллион доллар карыз төлөп, анан дагы миллиондогон доллар жумшап ГЭС курабыз деп кайсы инвестор келет? Баарын үркүтүп, айрандатмай болду го бул сымап…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ