Menu

Аты улук, супурасы курук, ырынан чыры, ырысынан ызы-чуусу көп маданият министрлиги…

Бөлүшүү:

Ак үйдөгү интригилардан тажадыбы же өзү айткандай чындап эле чарчадыбы, кыскасы өткөн жумада Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы бийликтегилерге да, коомчулукка да күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду. Бирок айрым билермандар Т.Казаковдун ыктыярдуу түрдө кызматтан кетишинин себебин өткөн кылымдын 60-жылдарында Баткен районунда табылып, ошондон бери Тарых музейинде сакталып жаткан мумиянын кайра жерге берилишине байланыштырышууда. Анткени президент да “Мумиянын кай­ра көмүлүшү туура эмес болгон, тиешелүү кызматкерлер жазаланат”,- деп айткан болчу. Ушуну кутуп турган айрым археолог-тарыхчылар уйкудан чочуп ойгонуп, “тирилип кет­кен” мумияга окшоп, Түгөлбай Токтогуловичти ур-токмокко алып киришти. Кызык, алар дээрлик, жетимиш жыл музейде сакталып, сөөгү жоголуп бараткан мумиядан эмнеге кабар алышкан эмес? Сыягы, маселенин баары министрлик кресло кимдир-бирөөгө керек болгондугу менен байланыштуу болсо керек. Болбосо, мумияны кай­ра казып алып эле изилдесе, сакталып калган чачы аркылуу деле керектүү иштерди жүргүзө берсе болот эле. Канткен ме­нен аты улук болгон менен супурасы курук бул министрликтин ырынан чыры, ырысынан ызы-чуусу көп эмеспи…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: