Бүгүн, 1-июлда Сауд Арабиянын Flynas авиакомпаниясынын Даммам – Бишкек каттамы менен 121 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган чартердик каттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны келип, “Манас” эл аралык аэропортунан Казакстанга атайын унаа менен жеткирилди.
Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.
Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу иштери улантылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ