2020-жылдын 6-июль күнү Кемин районунун Нур айылындагы Чүй суусуна 2008-жылы туулган жаш бала түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жерине Кемин райондук №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана Токмок шаардык №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.
7-июль күнү издөө иш-чаралары жүргүзүүгө саат 06:00дө Кемин райондук №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 5 куткаруучу, саат 07:00дө чек ара кызматынан 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 07:43тө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ