“Биздин командада көп мамлекеттик кызматта иштеп, бирок таза бойдон калган мамлекетчил, билимдүү инсандар көп” – деп билдирди депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.
“Мамлекеттик кызматка тажрыйбалуу инсандар барыш керек. Эгерде улам жаңысын алып келе берсек, көп убакытты өткөрүп алабыз. Ар бир текке кеткен күн – мамлекетибиздин өнүгүүсүндө кетирип алган мүмкүнчүлүгүбүз. Кудай буйруса шайлоодон жеңсек, өкмөттү түзгүлө бизге берилсе, анда “биз оппозицияда калабыз, биз түзбөйбүз” деп кантип айтабыз, программаны канип ишке ашырабыз (?), түзөбүз да” – деди Руслан Казакбаев.
Кимди премьер-министр кылып көрсөтөсүңөр деген суроого Казакбаев: “Бизде көп, четинен алсак болот. Мисалы, Бабанов Өмүрбек Токтогуловичти көрсөтөбүз, Жээнчороев Мирлан Канатбековичти көрсөтөбүз, Жылкыбаев Узарбек Казиевичит, Өмүрбекова Алтынай Сейитбековнаны, мүмкүн мени көрсөтүшөттүр..” – деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ