Menu

Ислам Каримовдун эстелигин жаратуу үчүн эл аралык сынак жарыяланды

Бөлүшүү:

Шавкат Мирзиёев 2-декабрда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелигин жаратуу үчүн эл аралык сынак уюштуруу боюнча токтомго кол койду. Сынакка даярдануу жана аны өткөрүү боюнча атайын түзүлгөн комитетти премьер-министрдин орун басары Абдулла Арипов жетектейт.

Президент кол койгон токтомго ылайык, эстелик Өзбекстандын өнүгүшүнө эбегесиз салым кошкон Ислам Каримовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында тургузулат.

«Өзбекстандын биринчи президенти өзүнүн ар кыл саясий ишмердүүлүгү жана асыл адамдык сапаттары менен кылымдарга бай мекенибиздин тарыхына өчпөс, жаркын из калтырды. Ал – көрүнүктүү инсан жана ишмер, Өзбекстанда гана эмес дүйнөлүк масштабда чоң урмат-сый, кадыр-баркка татыктуу »,-деп белгиленет токтомдо.

Документке ылайык, эл аралык сынактын катышуучулары виза алып жатканда консулдук жана башка төлөмдөрдөн бошотулат. “Өзбекстан аба жолдору” улуттук авиакомпаниясынын каттамдары менен бекер учат. Мындан тышкары сынакка катышуу үчүн Өзбекстанга алынып келинген бардык жүктөр бажы алымдарынан дагы бошотулат.

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрда мээсине кан куюлуп көз жумган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: