Menu

Дайырбек Орунбеков: «Атамбаевдин Башмыйзамы мародерчулук менен басып алган мүлктөрүн сактап, бийлигин түбөлүктүү кылып алуу экенин эл кайдан билсин?..»

Бөлүшүү:

Кандай гана бетпактык! КТР ден азыр эле маалымат кетти “срочно” Конституцияны алмаштырбаса, жанагы Кадыржанга окшогондор баш көтөрүшө беришет имиш. Аларга азыркы арасында “миналары” бар Конституция “выгодно” имиш. Атамбаевдин Баш мыйзамды эмнеге алмаштырып жатканын, анын өз бийлигин сактап калууга жана Бакиевдерден, Максимден мародерчулук менен тартып алып, Албектин аялына, Икрамга, Сапарга каттатып койгон мүлктөрүн алып калууга, коррупцияга белчесинен баткан “көчүгүн” жабууга кылган аракети экенин Текебаев жакында эле тизмектеп түшүндүрүп берген. Эми эл ага жөн эле Баш мыйзамды алмаштыртып, өз “сопляктарынан” бирөөнү президент кылып коюп, артындагы “айрандын” барын жаап, Арашанда көлөкөлөп жаттырбасын билгенден соң, ойлоп тапкан куулугун караңыздар. Кыргызды Кадыржан менен коркутууга өтүптүр “адалсынган” аферистер! Эмне эле күтүлбөгөн жерден күпүлдөп, бекинип, көтүн кысып,качып жүргөн Кадыржан каяктандыр чыга калып сүйлөй баштады десе… Эми түшүнбөдүкпү маселенин төркүнүн… Атамбаев баягында өзбектерди кабыл алып, “Кадыржан акеме айтып койгула, дагы бир аз чыдай турсун”- деп көз ымдашып, салам айттырыптыр деген сөз бекер эмес тура. Кадыржанды атайын күпүлдөтүп, Кыргызды коркутуп, үркүтүп койсо, анан ал акмактын атын укканда каны кайнаган Кыргыз эмоция менен Кадыржан айткан сөздүн тетирисин кылаарын билет, анан байоо эл бул жактан такымын жеген АША, Фариддер салган торго “топ” этип өзү түшүп бергени турбайбы… “Кой ушул Конституциясын алмаштырса, алмаштыралы, муну Кадыржанга окшогондор жактырса, демек бир мандем бар дешип, Атамбаев Кадыржан акесин атайын түрткүлөп, сүйлөтүп жатканы менен иши жок… Жакында дагы кайсыл шайтанды сүйлөтөсүңөр я? Силер Атамбаев айткандай “бизди чын эле мал, кой” акылы жок, дөдөй ойлойсуңарбы? Силердин куулукту Кыргыз түшүнбөйт деп турасыңарбы? Акмак, бетпак, өз бийлигин, мародечулук менен тапкан байлыгын сактап калуу үчүн Кадыржан эмес, шайтан менен да дос болуп кете берген Атамбаевде ыйман дегенден ныпым жок экен!

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: Фейсбук

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: