БШК парламенттик шайлоонун күнүн кийинкиге калтыруу маселесин кароодон баш тартты. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
“Партиялар съезд жана үгүт иштерин кандайча өткөрөрү белгисиз. Чет өлкөлөрдө добуш берүү кандай болот?” – дейт ал.
Ал шайлоого күрөөгө коюлган каражаттарды коронавирус жана пневмония менен күрөшүүгө багыттоо керек деп эсептейт. Бирок БШК мүчөлөрү кесиптешин колдогон эмес.
Эске салсак, кечээ “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал турукташмайынча, партия шайлоого даярдыкты токтотуп, пандемияга каршы күрөшүүгө жардам берээрин айткан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ