Ош шаарында каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2-августта Ош облусунун Коммунист айылынын тургуну Т.Ф. милицияга кайрылган. Анын айтымында, 1-августта, болжол менен саат 23:30 чамасында Курманжан-Датка жана Моминов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар аны газ-травматикалык тапанчасы менен коркутуп, анын “Айфон 6” уюлдук телефонун тартып алышкан.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Кара-Суу районунун тургуну Б.Н. жана К. уулу Э., 1998-жылы туулган шектүүлөрдү кармаган. Ошол эле уюлдук телефон шектүүлөрдүн бирине таандык “ВАЗ 2107” унаасынан табылган.
Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин, 202-беренеси “каракчылык” менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Ал эми кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ