Menu

Дариха Ишанова: “Элибиз кайгыга чөмүлүп жатса, жанагы ата сөрөйүбүз Атамбаев кайда жүрөт?!…”

Бөлүшүү:

Баягында Иса Өмүркулов Атамбаев журт атасы деп, жаңылыш айткан тура! Чынында журтубуз ата дегенден “аткез” деле бермек эмес, болгону атабыз атадай болсо… Элибиз минтип, кайгыга чөмүлүп, аза күтүп, кайгырып , “моргдун” эшигин сагалап калган чакта кайда жүрөт биздин ата сөөрөй президентибиз!? Эми ушундай элинен кабар албаган, кырсыктан жабыркап, үй- бүлөсү менен кырылып калган журтунан кабар албаган атаны ким ата дейт!? Урматтуу Алмаз Шаршенович! Мына, нагыз аталар эмне кылышты? Угуп алыңыз! Накта аталар там басып калган кишилерден тартып, урандынын астында калган байкуш наристелердин денелерин алаканына салып алдейлеп алып чыгышты! Накта аталар чебелектеп көмөк чакырышты, адам өмүрүн сакташты, ыйлашты, өксүп калгандарды кучагына алышып, кайрат айтышты. Накта аталар кырсыкта кыйраган жерге жардамын көтөрүп жүгүрүштү! Накта аталар көзүнөн жашын сакал ылдый куюлтушуп, бүгүн алты баласын о дүйнө узатышты! Ылайым анын бетин ары кылсын! Мындан ары эл арасында арман болбосун! Алмаз ата! Сиз кайда жоголдуңуз ушундайда! Көзүн жалдыратып журтуңуз жетимсиреди. Үч күндөн бери береги куураган байкуш журтуңуздун жүзүнөн сылап койгонго жарабадыңыз! Акыбалын сурап койгонго жарабадыңыз! Журт атасы деген сиздей болбойт! Сиз ӨГӨЙ АТА турбайсызбы! Эх!…

Дариха Ишанова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: