Menu

“Керим Турапов бул кызматка келиши менен опера жана балет театры искусствонун ыйык храмына айланат деген ойдомун”

Бөлүшүү:

– Сиз, белгилүү ырчы, Кыргыз эл артисти Керим Тураповдун Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына жетекчи болуп барганына кандай карайсыз?

Бексултан Жакиев, Кыргыз республикасынын баатыры: “Керим Турапов бул театрга бөтөн адам эмес, ал ушул жерден агарып-көгөрүп өсүп атагы алыска кеткен”

– Маселе жетекчилик кызматка улгайган же жаштардын келүүсү маанилүү эмес. Мисалы Совет бийлиги орногон кезде эскилерди жоготуш керек, жаштарды алып келиш дегендер чыккан. Бирок, Ленин “Эскилердин арасында иш билги, тажрыйбасы барлар бар, аларды сөзсүз иштетиш керек”, – деп саясат жүргүзгөн. Анын сыңарындай кайсы гана мекемеде болбосун жаштар менен карыларды аралаштырып иштетиш керек. Биздин көптөгөн мыкты жаштарыбыздын арасынан чет жактарда иштеп, тажрыйба топтоп, бышканы бар. Аларга шарт түзүп берип иштетиш керек. Опера жана балет театры сыяктуу дагы башка маданиятыбызды, кыргыздын кыргыз болуп сакталып калуусуна түздөн-түз таасир эткен тармактарга жогорку деңгээлде көңүл буруп кам көрүшүбүз керек. Элге таанытыш керек, алар концерттерде башкаларга кошулуп өнөрлөрүн көрсөтүшү керек. Азыр тилекке каршы көпчүлүгү опералык кайсы ырчы бийчилер бар экенин тааныбайт. Андыктан азыркы доордун талабына ылайык артта калбашыбыз керек, бирок калып баратабыз. Опера жана балет театрында айрым туура эмес иштер жүргөн. Фонограмманы аралаштырып коюп жиберген учурлар болгон. Фонограмма бул тармакка такыр жолобош керек. Мындай кемчиликтер улана берсе маданият мокойт. Керим Тураповдун бул жакка жетекчи болуп келишине дароо эле терс мамиле жасабай, алгач иштетип көрбөйлүбү. Филармонияны жетектеп турду. Жакшы ийгиликтүү жактары болгон. Кемчиликтер болсо болгондур бирок аны эми эске алып, кайталабай туура багытты көздөш керек. Чоң жамаатты жетектеш да оңой иш эмес жетекчи калыстыктан кетпей иштесе туура болот. Бирөөгө антипатия бирөөгө симпатия кылбай баарына бирдей мамиле кылып калыстыктан тайбасын.

Миталип Мамытов, Кыргыз республикасынын баатыры: Тураповдун жөндөмү акылы, илими менен опера жана балет театрын татыктуу деңгээлге жеткире алат”

– Керим Турапов маданият тармагын тамырынан билген,  иш билги жетекчи экени талашсыз. Маданиятты көтөрүүнүн жолдорун жакшы билет. Бүгүнкү күндө Керим Тураповду билбеген кыргыз барбы? Аны опера ырчысы катары муруңку союздук республикаларда дүйнө элине таанымал адам экенин жалпы кыргыз эли жакшы билет эмеспи. Менин оюм боюнча Керим Турапов жөндөмү, акылы, илими менен опера жана балет театрын татыктуу деңгээлге жеткире алат.

Абдиламит Матисаков, КМУУнун профессору, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери: “Чын-чынына келгенде Керим министр болчу азамат”

– Керимдей кадр, андай иш билги жетекчи бүгүн опера жана балет театрына аба менен суудай керек болчу. Элибизде бекер жеринен, “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун!”-деп айтышпайт да. Театр жетекчилигине Керимдей дасыккан, өз ишинин устатынын келиши көңүлдү көкөлөтөт. Менимче туура тандоо болду го. Жаштарга ал орун чак келмек эмес. Алар Керим Тураповдой болуп өз элине маңдай терин төгүшүп, эмгек жаратышсын. Качан гана Керимдей болуп эмгеги сиңгенде алар да жетекчи болушат. Чын-чынына келгенде Керим министр болчу азамат. Менин оюмча, анын театрга жетекчи болуп дайындалышынан кемчилик издөө өтө эле уят иш.

Абдиламит Жумашев, “Жетиген ” журналынын башкы редактору: “Турапов ар кандай саясый күчтөргө эмес, элине кызмат кылган татыктуу инсан’’

– Азыркы күндө бул орунга андан башка адамды көрбөй турам. Керим мырза опера жана балет театрына жетекчи болуп келиши абдан туура болду. Анткени, кыргыз эли, буга чейин да Керим Турапов Токтогул Сатылганов атындагы филармонияны жетектеп турганда жакшы иштерди жасай алды. Ал жетекчи болуп келгенге чейинки абалды билебиз да. Оозуна алы жетпегендер ар кандай сөздөрдү айта берет. Андай ичи арам адамдардын айткан кептерине көңүл бурбай, шымалана иштегенди көрсөтүшү керек. Азыр карап көрсөңүз, маданияттын “м” тамгасын билбей кайсы бир күчтөрдүн таасири менен келгендер да жок эмес. Ага караганда Турапов ар кандай саясый күчтөргө эмес  элине кызмат кылган татыктуу инсан. Буюрса опера жана балет театрындагы көйгөйлөрдү дагы чечип, оң жолго салат деген ишеничтебиз. Негизи ал маданият министрлигине деле татыктуу кадр болчу.

Бакыт Карагулов, кыргыз эл артисти: “Турапов туура дайындалды, ал театрга пайда гана алып келет деп ишенем”

– Керим Тураповдун тажрыйбасы чоң. Азыр ишке тойбой турган убагы. Азыр башкы максат опера жана балет театрынын кадыр-баркын көтөрүш керек. Мурунку жеткен бийиктигине алып келиш керек. Азыр майда- чүйдө театрлар чыгып жатпайбы. Алар өздөрүнө өздөрү акча таап жатат. Ал жагын да жөнгө салуу абзел. Андыктан Керим Турапов туура дайындалды, ал театрга пайда гана алып келет деп ишенем.

Чырмаш Төрөбеков, опера ырчысы: “Менин оюмча Керим Турапов театрга чоң салым кошуп, аны өнүктүрөт деп ишенем”

– Абдан туура коюлду. Эгер жаштар келгенде көп нерселерди билбейт болчу. Себеби, театрды көтөрө түшүнө турган адам келгени жакшы. Менин оюмча Керим Турапов театрга чоң салым кошуп, аны өнүктүрөт деп ишенем.

Бекен Назаралиев, Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери: “Керим Турапов бул кызматка келиши менен опера жана балет театры искусствонун ыйык храмына айланат деген ойдомун”

– Жаштарды коюш керек деп маселе көтөрүп жатышат. Жаштарды деле өтө жооптуу кызматтарга коюп көрдүк го. Сапар Исаков премьер-министр, Айбек Калиевге республиканын энергетика системасын бердик. Коррупцияга белчесинен батышып, бүгүн коррупционер аталып абакта отурушат. Мен Керим Тураповду көп жылдардан бери жакындан билем. Азыркы кызмат ордуна татыктуу жетекчи болду деп ачык эле айтам. Керим Тураповду буга чейин саясый жагдайда жетекчилик кызматтарга жакын жолотпой келгени өтө өкунүчтүү. Кээ бир басма сөз каражаттары Керим Тураповду коррупционерге те-ңеп жазгандары уят эле иш. Керек болсо, Керим мырза, өз элине ак кызмат кылып, биздин искусствону эл аралык деңгээлге көтөргөн улуу инсан деп айтсак да жарашат. Мамлекетибиз да анын көп жылдык эмгегин баалап, Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, жана башка жогорку сыйлыктын ээси болгон. Керим мырзаны коррупционер деген адамдар кечээ эле өздөрү коррупционерлердин “эшик ырчысы” болуп аларды мактап келгендерин элибиз жакшы билишет. Ушундай каралаган макалалардын жарык көрүшүн окуп, качан биз өз таланттарыбыздын кадырын көтөрөбүз деп ичим ачышты. Көрө албастыктын да чеги болот да. Бир эле мисалды айта кетүүнү туура көрдүм. Кыргызстандын Россиядагы маданий күндөрү өтүп жатканда Керим Тураповдун ырдаганын угуп Свердлов областынын губернатору Эдуард Россель аябай таң калат. Ал Кыргызстандын маданий күндөрүнүн ачылыш аземин ачып коюп эле Москвага учуп кетмек экен. Качан гана Керим Турапов созолонто ырдап киргенде Россель, “Москва күтүп турат, мен учпай калдым. Мындай ырчы биздин жерге күндө эле келе бермек беле?”-деп авиабилетин өткөртүп, Керим Тураповдун ырдаганына тамшанып, ырахаттана отурганын укканым бар. Ал тургай Россиянын туңгуч президенти Борис Ельцин да Керим Тураповдун ырдаганын угуп “Сени Москвага алып кетейин, макул бол!”-деп айткан жайы бар. Россиянын падышасы баалаган чоң таланттын баасын билбеген жазмакер коррупционер деген Тураповдун даражасын кайдан билмек эле. Котур ташы койнунда бар адамдар, элибиздин сыймыгы, алтын үндүү чоң талантыбыздын искусстводогу ордун, андай адам-дар кайдан Керим Тураповдун даражасын билишмек. Керим Тураповдун бул кызматка келиши менен опера жана балет театры искусствонун ыйык храмына айланат деген ойдомун. Кыргызда “Мөмөлүү даракка таш тиет” деген жакшы сөзү бар. Керим Тураповдун ишине ийгилик гана каалайм.

 Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: