Бишкекте Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Шайназар Закиров коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Дарыгер 53 жашта болчу. Анын үч баласы калды.
1996-жылы Шайназар Закиров Ош облусундагы Кара-Суу борбордук аймактык ооруканасында дарыгер-педиатр болуп иштей баштаган. 2012-жылдан тарта Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында жугуштуу оорулардын дарыгери катары эмгектенген.
2020-жылдын март айында ал коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Ош аймагына жөнөтүлгөн. 2020-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз-Түрк ооруканасында иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ