Menu

КСДП менен Түлеевдин сөзү эки башка болууда

Бөлүшүү:

Мен түрмөдөн чыкканда да Атамбаевдин жакын адамдары келишкен. Анда мен аларга: “Жигиттер, мен баарын унутайын, баарын кечирейин, бирок Алмаз Шаршеновичке бир ооз айтып койгула, анын убагында мыйзамсыз соттолуп, кордук көргөн саясатчыларды мен чогултуп берейин. Анан баарыбыз бир дасторконго отуруп, Алмаз Шаршенович: “Ай, балдар, ушундай болуп калды эми” деп койсо эле ошол жигитгердин баары аны кечиришмек” дедим. Ошону ага айтып барышса, анда Атамбаев “андай жолугушуу буларга керек, мага кереги жок” деп айтыптыр. Ал эми тилекке каршы, бүгүн ушундай бир күндө болуп жатат. Учурда алар бизге “чогулалы, отуралы, сүйлөшөлү, чепкен бизден” деп “сигнал” берип жатышат. Бирок убакыт өтүп кетти да. Ошентип бир мезгил өткөн соң бизге ал киши эмес, биз ал кишиге керек болуп калыптырбыз. Бирок бизге ал кишинин эми кереги жок», – деп билдирген Тулеев.

Бирок бүгүн, 3-майда КСДП партиясы, лидери Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кеп-сөздөргө байланыштуу билдирүү таратты. Анда Атамбаев тарабынан Түлеевге кызмаггашуу боюнча сунуш берилбегени айтылат. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева кийинки убакта социалдык тармактарда жана мессенжерлерде экс-президентти кара-лагандар көбөйгөнүн, муну атайын “кара пиарчылар” жана “кара ниет технологдор” жасап жатышканын белгилейт.

– “Сыягы, Нариман Тулеев ошондой технологиялардын курмандьпы болуп калды окшойт. Ал өзүнө “кызматташуу тууралуу” жалган маалымат бергендер менен өзү эсептешип алсын. Анткени Алмазбек Атамбаев ага эч кандай кызматгашуу сунуш кылган эмес жана сунуш кылбайт дагы”, – дейт Кундуз Жолдубаева.

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: