Menu

Азия Ньюс: Кеменгер кеп

Бөлүшүү:

Келесоо киши гана туулган күнүн белгилеп, өлүмү жакындап келатканын майрамдайт.

(Бернард Шоу)

 Мен элден жашынган себебим, тынч жашагым келгенинен эмес, тынч өлгүм келет.

(Франс Кафка)

Келесоо киши гана туулган күнүн белгилеп, өлүмү жакындап келатканын майрамдайт.

(Бернард Шоу)

Мүрзөгө коюлган таштын мааниси: “Тирүү кезиңде биз сага нан бере албаганыбыз үчүн кечирип кой, ошондуктан өлгөнүңдөн кийин таш бердик”

(Моисей Сафир)

Өлүм – бул көрүүчүнү аябай кызыктуу пьеса бүтө электе эле театрдан кууп чыккан мокочо.

(Джакомо Казанова)

Өлүм турмушту тагдырга айланат.

(Андре Моруа)

Адам өлгөндө эмес, туулганда кайгырып ыйлаш керек.

(Шарль Луи Монтескьё)

Адамды өлүмгө өкүм кылуу – бул аны оңолуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

(Альбер Камю)

Кээде адамды өлтүрүү ага жакшылык кылгандай эле нерсе болот.

(Грэм Грин)

Биздин төрөлүшүбүз биз үчүн айлана-чөйрөнүн да төрөлүшүнө алып келген сыяктуу, биздин өлүмүбүз да айлана-тегеректин өлүмүнө алып келет.

(Мишель Монтень)

Некролог эң кыска жана эң жагымдуу кызматтык мүнөздөмө.

(Андре Моруа)

Адамдардын көбү “бирөөнү өлтүрөм” деп жүрүп өздөрү өлүп калышат.

(Томас Мор)

Адамдардын колунан өлгөндөн көрө, жырткыч айбандарга жем болгон жакшы.

(Редьярд Киплинг)

Сулуу аял эки жолу өлөт.

(Пьер Буаст)

“Өлүмдөн корком” деп айтканда, биз эң оболу анын алдындагы кыйналууну назарда тутабыз.

(Мишель де Монтень)

Өлгөндөрдү жамандаганда эмне, андан көрө Кудай алардын күнөөлөрүн кечиришин тилегиле.

(Франсуа Вийон)

Эгер маркумдар өздөрүнүн мүрзөсүнө жазылган жазууларды окуганга мүмкүнчүлүгү болгондо, дагы бир жолу уялганынан өлүшмөк.

(Джозеф Аддисон)

Адамдар өлсө эле жашоо кызык болбой калбайт, адамдар күлсө эле жашоо кейиштүү болбой калбайт.

(Бернард  Шоу)

Жашоо – бул айыкпас оору, ал оорудан баары өлөт, эч качан төрөлбөгөндөр  гана аман калышат.

(Моисей Сафир)

Эгер адамдарды өлүмгө алып баргың келсе, “силерди атак-даңкка алып баратам” деп айт.

(Шарль Морис Талейран)

Эгер жашоого чыдагыңар келсе, өлүмгө даярдангыла.

(Зигмун Фрейд)

Акчанын артынан түшкөн жашоонун баары – бул өлүм. Байлыкка, бийликке умтулбаган адам гана кайра тирилет.

(Альбер Камю)

Бышкан нерсенин баары өлгүсү келет. Быша электер жашагысы келет – бул эмне деген шумдук!

(Фридрих Ницше)

Улуу адамдар эки жолу өлүшөт: адегенде пенде катары, андан соң улуу адам катары.

(Поль Валери)

Бакыт жөнүндө беш мүнөт гана айта аласың, мында “мен бактылуумун” дегенден башка бирдеке айтыш кыйын. Ал эми бактысыздык жөнүндө таң атканча айтсаң да түгөнбөйт.

(Ремарк)

Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: