Menu

Айнуру Алтыбаева, депутат: Жетекчилер эчтеке кылбай койгону үчүн да жооп бериши керек, кылмыш кодексинде ошондой норма бар

Бөлүшүү:

– Айнуру Тойчиевна, ТЭЦтеги авария маселеси Жогорку Кеңеште каралган учурда депутаттардын көпчүлүгү күнөөлүүлөр катуу жазаланышын талап кылышты эле. Акыркы учурдагы камоолорду укук коргоо органдарынын ага карата жообу деп бааласак болобу?

-Жогорку Кеңеш тергөөчү да, судья да эмес. Биз саясый гана баа бердик. Ал эми юридикалык бааны бергенде саясый баалар, эмоциялар эске алынбайт. Ал жерде фактыны, анан документтерди гана карашат. Кол койдуңбу, жооп бер! Ошол эле учурда жетекчилер эчтеке кылбай койгону үчүн да жооп бериши керек. Кылмыш кодексинде ошондой норма бар.

Андыктан, кимдир бирөөлөр «ал жерде менин колум жок» деп канчалык актанса дагы, алар эч нерсе кылбай отуруп алганы үчүн жооп беришет. Сен имаратты ремонт кылганга, кабинетиңе эмерек сатып алганга акча жумшагансың. Ал акчалар цехтердеги терезелерди бүтөп, жылуулаганга жумшалышы керек болчу. Бизге келип, «кышка жүз пайыз даярбыз» деп мактанып кетишкен. Бирок, кыш башталар замат авария болду. Эми болсо «авария эски ТЭЦте болду» деп деп актанышууда. Бирок, 386 млн. доллар жумшалып, 30 гана пайыз модернизация жасалганы үчүн ким жооп бериш керек? Толук модернизация кылыш үчүн 1,5 миллиард доллар керек беле? Бул акчага жаңы космодром куруп, асманга ракета учурса болот экен. Дагы бир жолу кайталыгым келет, укуктук бааны сот гана берет.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: