Menu

Зиядин Жамалдинов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Нура айылына даярдалган контейнер үйлөрдү кооптуу аймакта жашагандарга бериш керек…”

Бөлүшүү:

– Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу иштерине кандай баа бересиз?

– Чынын айтсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши начар болуп, шалаакылык менен иштеп жатышат. Буга жер көчкүдөн каза болуп жаткан адамдар далил болуп, өзгөчө Өзгөндөгү 24 адамдын өмүрү бул сөздү бышыктап жатат. Алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн эле. Министрлик өрт ечүрүү эле эмес, кырсыктын алдын алуучу орган болуш керек. Ошол үчүн алардын курамында мониторинг бөлүмү бар. Өткөндө биз алардан сураган учурда, 2003-жылы ошол Аюу айылында жарака кетип, каттоого алынганын айтышты эле. Анан “эмне үчүн быйыл барган жоксуңар?”-десек, “январь айында барганбыз” деп жатышат. Ал жакта кар толуп турса, кайдан барышат. Мындан тышкары: “эскертүү берилсе да, эл көчпөй жатат”- деген сөздөрдү айтышууда. Шарт түзүп бербестен, “туугандарыңардыкына көчкүлө” десе, кайдан көчөт? Ошондуктан, ылайыктуу жер бөлүп, вагон же жакшы чатырларды коюп беришсе алар да аракет кылат. Мисалы, Нура айылындагы жер титирөөдө контейнерлерден үйлөр жасалган. Алар азыр Ошто ӨКМдин кампасында жатат. Ошолорду колдонуш керек.

– Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каражат маселеси чоң тоскколдуктарды жаратып, ал кеч бөлүнүп жатканы аз келгенсип, быйыл суммасы да 47 млн сомго азайып кеткенин айтууда…

– ӨKM – Өкмөттүн курамында. Ал эми бардык ишти ошол өкмөт чечет. Айтыш керек. Талапты коюш керек. Эмнеге өкмөт жыйынында камсыздандыруу фондунун башчысын жумуштан алат да, ӨКМдин кызматкерлери ордунда калат? ал эми көлөмү тууралуу айтсак, бюджетти көрүп жатабыз. Сарамжалдуулук менен, сапаттуу иштесе да болот.

– Министрлик изилдөө жүргүзүп, анан кооптуу аймактагыларды көчүрүү тапшырмасын жергиликтүү бийликке тапшырат. Бирок, ссуда алышып, кайра ошол жерге там салып алгандары да бар экен. Аларды мажбурлап көчүрүү жарандык укуктарын бузуу болуп саналат. Бул маселени чечүү үчүн кандай механизмди сунуштайт элеңиз?

– Мен жана Нурадан келген контейнерлер Ошто кампада турганын айтпадымбы. Алар шарттары менен түзүлгөн даяр үй. Мына ошолорду ылайыктуу жер таап, кооптуу аймактагы жарандарга берсе, көчүп кетишет. Анан жергиликтүү бийликтин милдети деп олтура берген болбойт. Жапа тырмак киришиш керек. Аны менен кошо түшүндүрүү иштерин күчөтүп, коркунуч жаралган учурда өзүн кандай алып жүрүш керек, эмне иш жасоо абзел деген эрежелерди үйрөтүүнү жакшыртуу да учурдун талабы.

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: