Menu

Алиев качан көрүстөн бизнесине жооп берет?

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Бишкек шаарына тиешелүү Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү инженердик коммуникация жолдору, жол чекелери, жерди сугарган система жаткырылган аймактар киши көмүү үчүй мыйзамсыз берилип кеткенин аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, киши көмүлгөн деген көрүстөндөрдө сөөк жок, бош болуп чыккан. Натыйжада «Аза кызматын көрсөткөн Бишкек агенттиги» муниципалдык ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголуп, иш тергөөгө жиберилди. Белгилей кетсек, аталган агенттикти Биринчи май районунун мурунку акими Аскербек Алиев жетектейт. Буга дейре «Азаттыктын» журналисти, маркум Улан Эгизбаев дал ушул көр сатуу ишине байланыштуу иликтөө жүргүзүп, Аскербек Алиевдин былыктарын ашкерелеген. Бүгүнкү күнгө чейин чара көрүлгөн жок. Эми кеч да болсо «Аза кызматын көрсөткөн» агенттиктин жетекчиси катары бул кылмыштуу ишке түздөн-түз жооп бериши зарыл.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: