Menu

Нарын шаарында бет каптар тигилип, сатыкка чыга баштайт

Бөлүшүү:

Нарын шаардык мэриясынын жана жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен 19-марттан тарта “КРнын улуттук кызыл ай коому” коомдук бирикмесинин Нарын областык өкүлчүлүгүндө бет каптар тигиле баштады. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн директору Максат Жолдошбеков билдирди.

“Учурда бир жарым миңге жакын бет кап тигилип, бүгүн кечтен баштап Нарын шаарындагы дарыканаларга таратылат. Өзүнүн даяр болгондогу наркы 11 сомду түзсө, дарыканалар 15 сомго чейинки баа менен сатууга берилет. Түшкөн каражат кайрадан материал алууга жумшалып, шаар элин тынбай бет кап менен камсыздап туруу негизги максатыбыз” – деди иш менен таанышкан шаар башчысы Нурбек Молдокадыров.

Ал эми Максат Жолдошбековдун айтуусунда буга чейин өкүлчүлүктөн атайын тигүүчүлүккө бекер окууларды бүткөн айымдар менен келишим түзүлүп, алар аталган мекемеде жана көпчүлүгү үйлөрүндө тигип жатышканы белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: