Menu

Депутат Азамат Арапбаев: “Контрабанданын айынан бүджет 8,2 млрд сомдон куржалак калат”

Бөлүшүү:

Ушинтип 26-ноябрда ЖКнын экономикалык саясат жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Азамат Арапбаев (КСДП) айтып чыкты.

Анын айтымында, бүджет ички инвесторлордон түшчү 3 млрд сомдон куржалак калып келет. Бул болгону кошумча нарк салыгы (КНС – НДС) төлөнбөгөндөн. Ишкерлер товарлардын өлкөгө легалсыз киришине атандааша албайт.

“2019-жылы биз 3,1 млрд сом кошумча акциз албайбыз. Мисалы, 60 тонна дизель жана 60 тонна бензин, башкача айтканда, 120 миң тонна күйүүчү май Кыргызстанга салык төлөбөй кирген. Ушундан төлөнбөй калган акцизди, КНС жана башка кошумча салыктарды эсептеп чыкса болот. Эгерде унду алсак, 2014-жылы расмий түрдө 460 миң тонна буудай кирген, 2018-жылы – болгону – 80 миң тонна. Өлкөгө агып кирген ундун айынан 360 миң тонна буудай албай калдык. Бул эсептелбеген товарлар, төлөнбөгөн салыктар, жоголгон жумушчу орундар. Азыр республикада ун майдалаган ишканалар калбай калды. 3 миң киши жумушсуз калды. Ошондон улам көпчүлүгү миграцияга кетип жатат”, – деди ал.

Андан кийин депутат А.Арапбаев тамеки продукциясынын контрабандасына токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген тамекилердин бардыгын аныкташ керек. Негизинен FAST жана MM тамекилери кирип, абийирдүү сатуучуларга атаандаштык жаратып жатыптыр.

2019-жылы тамекиге эң минималдуу баалар коюлган, алар 60 сомду түзүүгө тийиш, ал эми контрабанда менен келген тамеки 35 сомдон сатылып келет. Депутат контрабанда товарлар канча көлөмдө, кайсыл жерде экенин билерин айтып, бир күндө эле ал товарды алып койсо болорун айтты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: