Кыргызстанда жапайы ача туяктуу жаныбарларга , тоо текелерге, эликке, каманга, ошондой эле бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке аңчылык кылуу сезону ачылды. Бул тууралу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык тоо текеге, каманга, бөдөнөгө, көгүчкөн жана бактекке (эликтен башкасына) аңчылык кылуу сезону август айынын экинчи ишембисинен баштап, декабрдын биринчи жекшембисине чейин созулат.
Ал эми эликке аңчылык кылуу сезону андан эртерээк, октябрдын акыркы жекшембисинде эле жабылат.
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин чечими боюнча быйыл, 2020-жылдагы аңчылык сезонунда жапайы жаныбарларды атып алууга төмөнкүдөй лимиттер бекитилди:
– тоо теке – 700 баш,
– элик – 120 баш,
– каман – 60 баш.
Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында 46 миң 161 баш тоо теке, 4 миң 760 баш элик, 3 миңден ашык каман мекендешет.
Андан сырткары Кыргызстандын тоо-таштарында Кызыл китепке киргизилген аркар-кулжалардын үч түрү: Марко Поло аркары, Тянь-Шань аркары жана Северцев аркалары бар. Алардын жалпы саны 16 миңден ашат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ