Кечээ, 13-март күнү Америка кошмо штаттарынын президенти Дональд Трамп коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Ал мындай кулактандырууну Вашингтондогу атайын өткөн пресс-конференцияда айтты.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдын жарыяланышы менен федералдык жана жергиликтүү бийлик органдары эпидемиянын шартында жакшы иш алып бара алышат.
Мындай чечим Дональд Трампка табигый кырсыктар менен күрөшүү үчүн атайын каражаттардын эсебинен коронасирус менен күрөшүү үчүн $50 млрд бөлүүгө мүмкүндүк берет.
АКШнын бийлиги билим берүү мекемелерин карантинге таратууну, массалык иш-чараларга тыу салууну улантууда. Көпчүлүк чогулуштар онлайн түрүндө өтүүдө.
Белгилей кетсек, АКШда 1268 адам коронавис илдетине чалдыккан. Каза болгондордун саны 40ка жеткен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ