Бишкек, Ош жана Нарын шааларында бат тургузулуучу эксперименталдык үч инфекциялык оорукана курулууда. Алар жалпысынан 270 орунга ылайыкташтырылган. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек жана Оштогу ооруканалар 100гө чейинки, Нарындагы оорукана 70ке чейинки бейтаптарды кабыл алат. Үч инфекциялык ооруканада 70 реанимациялык блок болот.
Бул арада Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Талас облустарындагы 9 оорукана капиталдык ремонттон өтүүдө.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайылып кеткенде бейтаптар үчүн ооруканаларда орун жетпей калган. Буга байланыштуу Бишкек жана башка шаарларда күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган. Убактылуу стационарлар спортзал, мектеп, ресторан жана мейманканалардын базасында иштеген. Ошол эле маалда бийлик ооруканаларда орун жетиштүү экенин айтып турган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ