14-ноябрда Бишкектеги “Ак Сарай” ресторанында “Мисс Кыргызстан – 2018” расмий сулуулук сынагы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык “Miss World” сынагынын уюштуруучулары жана КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда өткөзүлдү.
Финалдык таймашка Кыргызстандын аймактарынан 25 сулуу катышты. Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен “Мисс Кыргызстан – 2018” наамы Жалал-Абад облусунун атынан чыккан Элмара Буранбаевага ыйгарылды.
Эми ал Кыргызстандын намысын “Miss World” сынагында талашат. Биринчи вице-мисс Бегимай Ивакова болсо, Шахзода Балтабаева экинчи, Арууке Ниязбек кызы үчүнчү вице-мисс аталды.
Элмара Буранбаева 21 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетинин 3-курсунда билим алууда. Бул Элмаранын экинчи жогорку билими, ага чейин Жалал-Абадда медициналык колледждин акушер-гинеколог факультетин аяктаган.
Элмара “Мисс Жалал Абад – 2016” сынагына катышып, биринчи орунду багынткан.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ