Бүгүн, 27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын арызын карап, БШКнын “Кыргызстан” партиясы документтерин кеч жана талапка ылайык тапшырбагандыгы үчүн шайлоодон четтеттүү жөнүндөгү чечимин жокко чыгарды.
Сотко журналисттер жана укук коргоочулар киргизилген жок. Жабык эшик артында, БШК менен “Кыргызстан” саясый партиясынын өкүлдөрүнүн гана катышуусунда чечим чыгарды.
Эсиңиздерге сала кетсек, 24-августта “Кыргызстан” партиясы шайлоого карата документтерин БШКга кечки саат 18:03дө алып келди деп чыр чыккан. Андан сырткары документтерди партиянын БШКдан каттоодон өткөн расмий өкүлү эмес, жат киши алып келип тапшырган.
25-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин артка кайтарып берүү боюнча чечим кабыл алган.
Ошол эле күнү “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимин жокко чыгаруу боюнча арыз менен сотко кайрылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ