Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында 20 жаштагы бала 15 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болду. Бул тууралуу журналисттерге күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Нурманбет айылынын тургуну кайрылган. Ал 2020-жылы февраль айында 15 жаштагы кызды кысымга алып, азгырган Азирет аттуу жигитке чара көрүүнү суранды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ