Ош облусунун Чоң-Алай районунда эки жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти. Алардын бири ошол жерде көз жумган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрь күнү саат 01:45 чамасында Жар-Башы айылындагы Сары-Таш – Карамык унаа жолунун 105-чакырымында жол кырсыгы катталган.
Чоң-Алай районунун тургуну 1999-жылы туулган С.К., өзүнүн “Хонда Одиссей” автоунаасы менен мотоциклдин жанында турган эки жөө жүргүнчүнү 1998-жылы туулган Б.уулу А. менен 2000-жылы туулган К.Уну сүзүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 22 жаштагы Б.уулу А. алган жаракаттарынан улам ошол жерде көз жумган. 20 жаштагы К.У. райондук ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгы фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ