Кыргызстан менен Казакстан бардык автоунааларды көзөмөлдөө жана текшерүү иш-чараларын токтотуп, Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга барган унааларды (жана тескерисинче) навигациялык пломбалардын жардамы менен көзөмөлдөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга макулдашышты.
Белгиленгендей, пилоттук долбоор ушул жылдын 10-декабрына чейин иштейт. Бул мезгилде, Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга жана артка жүк ташууда, өзү жүрүүчү товарларды эсепке албаганда, автоунаа транспортунун жүк салынуучу бөлүгүнө навигациялык пломба илинет.
Пилоттук долбоорго жүк ташуучулардын катышуусу акысыз экендиги баса белгиленет.
Мында контролдук иш-чаралар: – маршруттан (республикалык маанидеги шоссе) 1 кмден ашык аралыкка кеткенде; – навигациялык пломба уруксатсыз ачылган учурда; – навигациялык пломба бузулган учурда; – 1 сааттан ашык навигациялык пломба менен байланыш жок болсо; – транспорттон чиркегичти чечип жаткан учурларда гана жүргүзүлөт:
Көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн учурда, департамент Мамлекеттик салык кызматынын методология бөлүмүнө кайрылып, ыкчам жооп алуу үчүн маалыматты Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетине өткөрүп берүүнү суранат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ