Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, кыргызстандык сүрөтчү Алия Шагиеванын эмгектери Париждеги көргөзмөдө коюлат. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-сентябрдан 23-октябрга чейин Париждин маданий борбору-галереясында сүрөтчүнүн 2016-2019-жылдардагы эмгектери көрсөтүлөт.
“Алия Шагиеванын көргөзмөсү. Бул сүрөтчүнүн башынан өткөн учурларды, сезимдерди, эмоцияларды, кырдаалды чагылдырган чыгармалардын тандоосу. Ар бир чыгарма маанайы жана техникасы боюнча айырмаланат, бирок алардын баарында бир жалпылык бар: чынчыл болуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет. Ар бир көз ирмем уникалдуу, колго түшпөс нерсе башка нерселерге окшоп өзүнө тартып турат. Чийме же сүрөт учурду белгилүү бир жол менен чагылдырат. Жашоону ар кандай көз ирмемдерде кабыл алуу өтө маанилүү. Мен өзгөрүп жатам, баары өзгөрүп жатат”, – деп көргөзмө бетинде жазылган.
Алия Шагиева 23 жашта, эки баланын энеси, буга чейин Украинада, Австрияда жана Францияда көргөзмөлөрү коюлган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ